Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Баракелде

Жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду.

Маалым болгондой, бул жарлыкка ылайык 2018-жылы жазуучунун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Өкмөт 2 айлык мөөнөттө Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзөт. Ошондой эле, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгат жана аны бекитет.

Аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен тиешелүү каражат бөлүнөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2294
Көп окулду
×