Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүк дыйкан 300 гектар жер иштетип, облусту үрөн менен камсыз кылууда (фото)

Turmush -  Түп районунун тургуну Кубан Сарыкөбөнов «Элдияр» үрөнчүлүк чарбасын негиздеп, 31 миң еврого жабдыктар менен камсыздады. Аймактык кабарчы элеттик дыйкандын иши менен таанышып келди.

К.Сарыкөбөнов 1994-жылы 5 гектар жер иштетип, 1999-жылы 1-топтогу үрөнчүлүк чарба макамын алган. Учурда 300 гектар жер иштетип, жаным, белек сортундагы дан өсүмдүктөрүн өстүрүп, өткөн жылы буудайдан 40 центнерден, арпадан 50 центнерден жогору түшүм алган.

«Элдияр» үрөнчүлүк чарбасы Ысык-Көлдөгү алдыңкы чарбалардын бири. Мында бир нече адамдар иш менен камсыз болушкан. Чарбага 31 миң еврого атайын жабдуу алып келгем. Буудай тазалоочу агрегат бир күндө 2 тоннага чейин дан тазалайт. Күз айларында да тургундар иш менен камсыз болушат», - дейт дыйкан.

Ал учурда жазгы айдап себүү иштерин жүргүзүү менен облус тургундарын сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1358
Көп окулду
×