При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Түркмөнстанда жылкылардын арасында сулуулук сынагы өтөт

Turmush -  Ушул жылдын 29-апрелинде Түркмөнстандын Ашхабад шаарында ахалтек тукумундагы жылкылардын арасында эл аралык сулуулук сынагы өтөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди.

ahaltekinec

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка түркмөн башы Гурбангулы Бердымухамедов кол койду. Бул буйрукка ылайык, 30-апрелде түркмөн жылкыларынын күнүнө карата өтө турган иш-чарада ахалтек тукумундагы эң сулуу жылкылар тандалат.

Ошондой эле, президенттин буйругу менен эң сулуу жылкыларды тандоо үчүн калыстар тобунун мүчөлөрү да бекитилди. Анын курамына жергиликтүү жана чет өлкөлүк белгилүү окумуштуулар, жылкы өстүрүүчүлөр жана тиешелүү адистер кирди.

Бул сынак менен чогуу ахалтек жылкысын мыкты чагылдырган чыгармалардын арасында да мелдеш өтөт. Анда акчалай сыйлыктар үчүн сүрөтчүлөр, айкелчилер, килем токугандар, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер жана телеоператорлор ат салышат.

Ал эми, сынакта эң сулуу деп табылган ахалтек жылкысынын ээсине президенттин атынан автоунаа тапшырылат.

Ахалтек — дүйнөдөгү эң сулуу жана байыркы жылкы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 600
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×