При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ак үйдүн алдына камактагы Ө.Текебаевдин тарапташтары чогулду (фото)

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары бүгүн, 20-апрелде Ак үйдүн алдына чогулушту. Алар эл өкүлүн камактан бошотууну талап кылууда.

Митингчилердин арасында «Ата Мекендин» тизмесиндеги депутаттар Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко бар.

Чогулгандар митингдин расмий бөлүгү аяктаганын, бирок эртең, 21-апрелде саат 10:00дөн тарта кайрадан улана турганын билдиришти.

Бүгүн Базар-Коргон районунун Акман айылында дагы Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулду. Саат 15:30га алынган маалыматка караганда, камактагы депутаттын тарапташтары Ош—Бишкек жолунун жээги менен Жалал-Абад шаарын көздөй «Ө.Текебаевге боштондук!» деген ураан менен жөө жүрүшкө чыгышты. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 2 айга – 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутатка жактоочунун катышуусунда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылды.

25-февралда Башкы прокуратура ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге жана башка кызмат адамдарына карата россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1247
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:37,   14.08.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу