Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

С.Жапаров менен бир камерада «Кыргызгаз», прокуратура жана ИИМдин мурунку кызматкерлери отурат

Turmush -  Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров менен бир камерада «Кыргызгаздын» Бишкек шаардык архитектуранын, прокуратура жана ИИМдин мурунку кызматкерлери отурат. Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 20-апрелде ЖАМКтан билдиришти.

С.Жапаров №47 түзөтүү абагынын ооруканасынан СИЗО-1 мекемесине которулганы 14-апрелде маалымдалган. Ушул жылдын 2-апрелинде С.Жапаровдун мойну жана оң колу кесилгени айтылып, №47 түзөтүү абагынын ооруканасында операция жасалган. Кийинчерээк анын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды.

«Саат 07:00 чамасында Садыр Жапаров №47 түзөтүү абагынын борбордук ооруканасына жеткирилип, операция жасалды. Аны менен атайын прокуратура менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жолугушту. Алар менен сүйлөшүү учурунда С.Жапаров денесин өзү кескенин, абактагы кызматкерлерге жана камерада бирге отурган камактагы адамдарга доосу жок экенин айтты», - деп айтылат ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Кийинчерээк С.Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаттары М.Жеенчороев, Талант Мамытов («Республика — Ата Журт» жана Жаныбек Бакчиев («Бир Бол») жолугушкан.

95

ЖАМКтын коомдук кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова социалдык түйүндөгү баракчасына №47 түзөтүү абагынын госпиталында дарыланып жаткан С.Жапаровго жолукканын жарыялаган.

«Жапаровдун айтымында, таңкы саат 4-5 чамасында дааратканага кирип, оң колунун чыканагы бүгүлгөн бөлүгүн жана мойнунун оң жагын бычак менен кескен. Ал эс-учуна №47 түзөтүү абагындагы ооруканадан келди. Аны менен психотерапевт дагы жолугушуп, маектешүү менен керектүү дары-дармектерди жазып берди. Биз аны менен сүйлөштүк. Ал өз өмүрүнө кол салуу менен көйгөйлөрдү чечүүгө болбой турганын мойнуна алды. Үй-бүлөсү, жакындары жана туугандары үчүн терең кайгырып жатат», - деп жазган Ч.Өмүрканова.

Ошондой эле, С.Жапаровдун өз өмүрүнө кол салуусу тууралуу жазган түшүнүк катты жарыялаган. Анда, өзүнүн тарапташтары менен жакындары кыйналып жатканын көргүсү келбегенин айткан.

СЖ

С.Жапаров 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн келгенде УКМК тарабынан кармалган. Маалым болгондой, ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 227-берене (барымтага алуу), 113-берене (өлтүрөм деп коркутуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу), 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Бишкектеги Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровго карата ушул жылдын 28-апрелине чейин №1 тергөө абагында кармоо тууралуу чара кабыл алган.

«2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митинг учурунда нааразычылык акциясынын катышуучулары облустук мамлекеттик администрациянын имаратынын алдында токтоп турган «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү автоунаага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди күч менен салып, барымтага алышкан. Тергөө учурунда күбөлөрдүн айтымында, С.Жапаров аталган митингди уюштуруп, телефон аркылуу Э.Каптагаевди бошотпой, мурдагы макулдашылган планды ишке ашырмайынча кармап турууну буйрук кылган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6633
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Baks_ts
14:25, 20 апреля 2017
жапараров эми эркек болуптур чынын айтып
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×