Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баракелде

Этникалык кыргыз К.Макен уулу жетектеген баскетболчулар Кытайдын чемпиону болду (фото)

Turmush -  Этникалык кыргыз Кыраанбек Макен уулу баскетбол боюнча Кытайдын чемпиону аталды. Ал Xinjiang Flying Tigers баскетбол командасынын капитаны.

Маалым болгондой, Урумчи шаарынын атынан чыккан бул команда 2016-2017-жылдын сезонунда 38 оюнга катышып, анын 32синде жеңишке жетишкен.

Кубок үчүн мелдеште Кыраанбек Макен уулу жетектеген команда атаандашы «Шаньдун Лайонс» командасын 3:1 эсебинде, андан соң жарым финалда «Ляонин Хантерсти» 4:1 эсебинде утуп алышты.

7-апрелде өткөн финалдык беттеште К.Макен уулу жетектеген команда башкы атаандашы деп эсептелген «Гуандун Тайгерс» командасын 117:109 эсебинде жеңип, баш байгени алды.

2a05a1c694096ae4b8670172dfb09a2b_500_0_0

8540cbe0bd1101057206cadf4a72abf8_500_0_0

c40bd012f2942dda7ec21f1a8781d774_500_0_0

440702e16f64d6faad62827398366ea9_500_0_0

f64f454ac5d581266225676c4a78d9fc_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1205
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×