Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баткен

Лейлекте такталбаган аймакка тажиктер курулуштарды куруп жатышат, - тургундар

Turmush -  Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун айылдарын бөлүп турган жолдун четине мамлекеттик келишимге карабай тажик тарап курулуштарды куруп жатат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки аймактын ортосундагы транзиттик жолдун бир тарабында кыргыздар, бир тарабында тажик эли жашашат. Буга чейин кыргыз жана тажик чек арачылары чек аралар такталганга чейин жолдун айланасына курулуш курууга мүмкүн эместиги боюнча атайын мамлекеттик келишим түзгөн.

Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Саатбек Эгембердиевдин айтымында, тажик эли келишимге карабастан курулуштарды куруп жатат. Бирок, кыргыздар курулуш иштерин жүргүзө албай келишет.

(С.Эгембердиев)

4

«Биздин кыргыз тарапта буга чейин сатылып кеткен жерлер бар. Курулушун куруп баштагандар да бар. Эл арасында эки тараптуу келишимге түшүнбөстүктөр болуп жатат. Кыргыздар курулушун куруп баштаса эле дароо токтоткула деп келе калышат. Бирок, тажик тараптардан курулуп эле жатат. Эки тарап бирдей эмес. Чек араны бекемдеш керек», - деди Эгембердиев.

Ал эми айылдык кеңештин депутаты Кыдырбек Айбалаевдин айтымында, 2017-жылга айылдык кенештин депутаттары стадион курмакчы болушкан. Бирок, эки тараптан уруксат берилбегени үчүн стадион башка жерге жылдырылган. Стадиондун курулушу башталганга чейин куруу мүмкүн эместиги тууралуу түшүндүрүү иштери болгон эмес.

(К.Айбалаев)

5

Баткен облустук чөлкөм чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаевдин айтымында, эки тараптын келишимине карабай, кыргыз-тажик тараптан да курулуш иштерин жүргүзүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Аларга чек ара кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4674
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
PROtektorat
12:03, 19 апреля 2017
Мы не отдадим таджикам ни метра своей земли. Думаю власти оперативно отреагируют...!
Көп окулду
×