При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 30-апрель

Элдик уламыш: Шакафтар — жоо кырган айылда жалгыз калган Айдай сулууну куткарган Шаа кептердин урматынан аталган (фото)

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Шакафтар айылы Шаа кептер (кептердин падышасы ушундай аталган) деп аталган деген уламыш айылдагы эл арасында айтылып келет. Жоокерчилик заманда жоодон кырылган элден бир кыз калып, аны ак кептер сактап калганы тууралуу уламыш бар. Бул тууралуу бир топ китептерге аңгеме жазылганын Шакафтар айылындагы Ю.Гагарин атындагы орто мектептин мугалими Таштилла Кабылова кабарчыга айтып берди.

«Ошол жоокерчилик заманда ушул жерде бир айыл журт болуптур. Эли эптеп мал багып күн көрчү экен. Күндөрдүн биринде бойго жеткен Айдай сулуу таң эрте отун тергени токойго кетет. Канча жүргөнүн ким билет, айтор бир мезгилде айылына келсе ажыдаар сойлогондой эч нерсе жок калган болот. Көрсө, айылга жоо кол салып, бир айыл журттан эч кимин койбой кырып кетиптир.

Айдай сулуу кыз айла таппай, көзүнүн жашын көл кылып отуруп калат. Бир убакта жоочулардын караанын көрүп калат. Алкынган аргымактары менен келе жаткан жоодон корккон кызга ошол учурда Шаа кептер — кептерлердин падышасы жардамга келет. Ал кызды ак кептерге айлантып, учуруп алып кетет. Ак кептерге айланган Айдай кыздан кийин бир уруу эл тараптыр. Бир уруу эл анын урматына айылды Шаакептер деп атап алышкан.

Ошол жер тогуз жолдун тому болуп, ар түркүн соодагерлер өтчү экен. Ал соодагерлер өз тилине ылайыкташтырып Шакафтар деп айтылып калган. Анын чыныШакафтар эмес Шаакептер», - деди Таштилла Кабылова.

Ак кептер жакшылыктын, бейкутчулуктун кабарчысы деп ата-бабалар айтып келишкен, деп кошумчалады мугалим.

Айылдын эли негизинен дыйканчылык менен алектенет.

Сүрөт интернеттен алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×