При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

АКШдагы демократчы Х.Клинтон экс-президент Б.Обамадан кечирим сурады

Turmush -  Былтыр өткөн АКШдагы президенттик шайлоого демократиялык партиядан талапкерлигин койгон Хиллари Клинтон экс-президент Барак Обамадан кечирим сурады.

The Washington Post басылмасы билдиргендей, ал Б.Обамадан шайлоодон өтпөй калгандыгы үчүн кечирим сураган.

1473026015Аталган басылма репортёрлор Джонатан Аллен жана Эми Парнстын жаңы китебиндеги айрым тексттин үзүндүлөрүн жарыялаган.

«Дональд Трамп президенттик шайлоону жеңип чыккандан кийин, Клинтон телефон чалып, "Куттуктайм Дональд" деген. Андан соң, Барак Обама менен байланышып, "Урматтуу президент, кечирим сурайм" деп билдирген», - деп айтылат маалыматта.

АКШдагы президенттик шайлоо 2016-жылы 8-ноябрда өткөн. Анда азыркы президент Трамп штаттардагы шайлоочулар коллегиясынын көпчүлүк добушун алып, жеңишке жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1002
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу