Turmush - Тайландда мотоцикл менен унаа жолдо кетип бараткан эркек кишини жылан чагып ала жаздады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Mashable порталына шилтеме берүү менен билдирди.
Маалым болгондой, мотоциклчен адамга кол салган жыландын видеосун 400 миңге жакын адам көргөн. Анда, жылан айдоочуга секирип чакканга аракет кылган. Ал эми, эркек киши мотоциклин буруп, бутун өйдө көтөрүп анын соккусунан качып кутулган.