Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Россиянын сулуусу бир миллион долларлык таажы, 3 млн рубль жана унаа алды (видео, фото)

Turmush -  

«Россия сулуусу - 2017» сынагынын жеңүүчүсү деп Свердлов облусунун тургуну Полина Попова аталды.

Аталган сынактын расмий сайтында маалымдалгандай, жеңүүчү ак алтындан жасалган бир миллион долларлык таажы кийди.

1376939.1.1492401122

Мындан тышкары, Россиянын сулуусуна үч миллион рубль акчалай сыйлык жана унаа тапшырылды. Ошондой эле, ал «Дүйнө сулуусу» жана «Аалам сулуусу» эл аралык сынактарына катышууга укук алды.

Полина Поповага таажыны «Россия сулуусу - 2016» сынагынын жеңүүчүсү Яна Добровольская кийгизди (Тюмень шаары).

«Биринчи вице-мисс» наамы Москва шаарынын атынан чыккан Ксения Александровага ыйгарылса, «Экинчи вице-мисс» наамын башкортостандык Альбина Ахтямова алды. Бул сулууларга дүйнөнүн каалаган жогорку окуу жайдан билим алууга грант берилди.

«Кыргызстан сулуусу - 2017» наамын 18 жаштагы Бегимай Карыбекова жеңип алган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3245
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 76 адам окуп жатат)
×