При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Таластык 4 окуучу дүйнөлүк жана эл аралык олимпиадага катышат

Turmush -  Талас облусунун жетекчиси Даир Кенекеев республикалык олимпиададан алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларды кабыл алып, ардак грамоталарды тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуучулардын предметтик олимпиадасына Талас облусунан 35 окуучу катышып, жыйынтыгында Талас облусунунун окуучулары өлкө боюнча Бишкек шаарынан кийинки экинчи байгелүү орунду ээлеген.

Д.Кенекеев алардын ичинен 2 окуучу Бразилия жана Англияда өтө турган дүйнөлүк олимпиадага, 2 окуучу Тайландда өтө турган эл аралык олимпиадага катышууга укук алганын айтып, алардын мугалимдери менен ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

Республикалык олимпиадада Манас Ата «Себат» балдар лицейинен Мелисов Даян (11-кл) биология сабагынан, Батырбеков Ильяз (10- кл), Автандил уулу Саиддин (11- кл) химия сабагынан, Чикетаев Бегалы (11-кл) математика сабагынан, Ч.Айтматов атындагы орто мектептен Каныбекова Айзат (10-кл) кыргыз тили жана адабияты сабагынан, В.Ленин атындагы орто мектептен Турдукулов Алым (11-кл) физика сабагынан боюнча 1-орунду ээлешкен.

2-орунга Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы орто мектептин окуучулары Нуралиева Алтынай (10-кл), Садырбаев Бекзат (11- кл) англис тилинен, Назаркулова Бермет (11-кл) биология сабагынан, Манас Ата «Себат» балдар лицейинен Жунузалиев Азат кыргыз тили жана адабият сабагынан, Мээрим «Себат» кыздар лицейинен Мысакулова Айша (10-кл) англис тили сабагынан татыктуу болушкан.

Т.Бабанов атындагы лицейдин окуучусу Айбек кызы Мунаржан (11-кл) орус тили жана адабияты сабагынан, Мээрим «Себат» кыздар лицейинин окуучусу Айзат Урманбетова (10-кл) биология сабагынан 3-орунду ээлешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2063
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу