Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

КУУ ректорунун м.а. К.Садыков: Ар кимдин жомогун угуп отурганга убакыт жок

Turmush -  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун милдетин мурунку министр Канат Садыков аткарып жатат.

Университеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 10-апрелде окуу жайдагы түзүмдөрдүн жетекчилери катышкан өндүрүштүк кеңешме өттү. Жыйындын жүрүшүндө К.Садыков ректораттын жаңыча иштөө регламенти тууралуу айтып берди.

«Ар кимдин жомогун угуп отурганга убакыт жок. Ошондуктан убакытты туура, эффективдүү пайдаланып, ар кимибиз өз милдетибизди, функциябызды так аткаралы. "Өлүк жандар" болсо эртерээк таап, чарасын көргүлө», - деди К.Садыков.

Ошондой эле, жыйында ички укук-ченемдик актыларды тартипке келтирүү, мамлекеттик аттестацияга даярдык, кафедра башчыларын шайлоо, университеттин пансионаты жана окуу имараттарындагы ашканалар тууралуу да сөз болуп, аталган маселелерди чечүү үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

КУУнун мурунку ректору Чинара Адамкулова 6-апрелде кызматынан бошотулган. Ал Дипломатиялык академиянын ректорунун милдетин аткаруучу болду.

53

52

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 815
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу