Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргызстандын экинчи вице-мисси Г.Исламбек кызы: Менин жеңишиме таенем өзгөчө кубанды (фото)

Turmush -  «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагында экинчи вице-мисс наамын алган Гүлзада Исламбек кызы Miss Earth эл аралык сулуулар сынагына катышат. Келечекте элчи болууну максат кылган Гүлзада менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

IMG-20170412-WA0005

Өзүнүн айтымында, «Кыргызстан сулуусу-2017» наамынын ээси Бегимай Карыбекова менен колледжде окуп жүргөндө таанышып, жакын достордон болуп кетишкен. Учурда Кыргызстан эл аралык университетиндеги колледжде эл аралык байланыштар бөлүмүндө окуйт.

«Сулуулар сынагына үчүнчү жолу катышып жатам. 2014-жылы “Бишкек сулуусу” сынагына катышып, 30 кыздын ичинен “Жылдыздуу айым” наамын жеңип алгам. Ал кезде мен 16 гана жашта болчумун. Андан соң, Кыргызстан эл аралык университетинде сулуулар сынагында “Ажарлуу айым” наамына ээ болдум. Ал эми, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында Ош облусунун атынан чыгып, экинчи вице-мисс наамын алдым. Жердештерим мени колдоп, абдан сыймыктанып жатышат. Сулууларды тандоо иш-чарасына менин үй-бүлөм, анын ичинде таенем дагы катышты. Аталган наамды алган учурда таенем сахнага чыгып, мени куттуктады. Анын ошол учурдагы абалын сөз менен жеткирип берүү мүмкүн эмес. Ал менин сыйлыгыма абдан кубанып, сүйүнүп турду», - деди ал.

IMG-20170412-WA0007

Гүлзаданын аталган сынакка катышуусуна дос кызы Б.Карыбекова себепчи болгон.

«Бул сынакка Бегимайдын сунушу менен катышып калдым. Экөөбүз сынактын тапшырмаларына бирге даярданып жүрдүк. Бегимай менен көп жылдан бери достошуп жүрөм», - деди ал.

IMG-20170412-WA0012

Экинчи вице-мисс намынын ээси дайыма спорт менен машыгып турат.

«Спортко жакынмын. Аны менен дайыма машыгып турам. Ошондуктан сынакта талантты көрсөтүү тапшырмасы мен үчүн жеңил болду. Мен анда бийлеп чыккам», - деди Гүлзада.

19 жаштагы Г.Исламбек кызы келечекте билимин чет өлкөдөгү окуу жайлардан улантууну максат кылууда. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болот. Анын 7 бир тууганы бар.

IMG-20170412-WA0003

IMG-20170412-WA0004

IMG-20170412-WA0006

IMG-20170412-WA0010

IMG-20170412-WA0011

IMG-20170412-WA0013

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1113
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу