Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

«Кыргызстан сулуусу-2017» сынагынын биринчи вице-мисси А.Маматеминованы көргөндөр башка улуттун кызы деп ойлошот (фото)

Turmush -  «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагында 16 талапкердин ичинен биринчи вице-мисс наамын Айчүрөк Маматеминова алып, ага Miss International эл аралык сулуулар сынагына өлкөнүн атынан катышуу укугу берилди. Биринчи вице-мисс наамынын ээси менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

IMG-20170413-WA0007

Өзүнүн айтымында, аталган сынакка биринчи жолу катышкан. Учурда Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетиндеги колледжде экономика жана бухгалтердик эсеп тармагында билим алып жатат.

«Былтыр эле ушул сынакка катышайын дегем, бирок мүмкүнчүлүк болгон жок. Негизи эле бала кезде сулуулар сынагына катышып, өзүмдү бардык жактан сынап көрөйүн деген максаттарым бар болчу. Быйыл бул тилегим орундалып, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагына катыштым. Башында атам каршы болду. Себеби, ал мындай сынактарды жактыра бербейт. Качан гана сынак жыйынтыкталып, мен биринчи вице-мисс наамын алгандан кийин баарын түшүнүп, иш-чарага келбей калганына өкүндү. Ал эми, апам менен эжем мени бардык жактан колдоп, коштоп турушту», - деди ал.

IMG-20170413-WA0005

Сынактын талантты көрсөтүү тапшырмасында Айчүрөк жандуу үн менен ырдап, көпчүлүктүн назарын өзүнө бурду.

«Музыкалык атайын билимим жок, өзүм үчүн ырдайм. Сынактын талантты көрсөтүү тапшырмасында ырдап чыкмакмын. Сахнанын ортосуна чейин келип, ырдайын десем музыкам өз убагында жаңырбай калды. Бул учурдан чыгуу үчүн музыкасыз ырдап баштадым. Андан соң өзүмдүн музыкам жаңырып, баары ойдогудай болду. Ырдоодон тышкары комузда да кол ойнотом», - деди ал.

Биринчи вице-мисс наамынын ээси аталган сынактан досторду тапкандыгын кошумчалады.

«Мындай сынактардан дос таппайм деп ойлочумун. Бирок, бул сынак жакшы досторду, тааныштарды табууга жардам берди», - деди Айчүрөк.

Аны көргөн адамдардын баары башка улуттун кызы дешет. «Чындыгында мени башка улуттун кызы дешет. Атамдын да, апамдын да улуту кыргыз, Оштон болобуз. Бала кезде Казакстандын Алмата шаарында жашачубуз. Кийин ата-энем менен Бишкекке көчүп келгенбиз», - деди ал.

18 жаштагы А.Маматеминованын 5 бир тууганы бар.

IMG-20170413-WA0006

IMG-20170413-WA0003

IMG-20170413-WA0001

IMG-20170413-WA0000

IMG-20170413-WA0004

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2140
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×