Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

КУУнун экс-ректору Ч.Адамкулова жаңы кызматка дайындалды

Turmush -  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугунан бошотулган Чинара Адамкулова жаңы кызматка дайындалды. Ал Дипломатиялык академиянын ректорунун милдетин аткаруучу болгонун бүгүн, 10-апрелде Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«10-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова жана Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы К.Шадыханов Академиянын жамаатына Ч.Адамкулованы тааныштырды. Ч.Адамкулова Дипломатиялык академияны көтөрүү үчүн болгон күчүн жумшап, эл аралык кызматташуунун деңгээлин жогорулата турганын белгиледи», - деп айтылат билдирүүдө.

Ч.Адамкулова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматынан бошотулганы туралуу 6-апрелде белгилүү болгон. Аны ректор кылып 2015-жылдын 11-июнунда мурунку өкмөт башчы Темир Сариев дайындаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2720
Көп окулду
×