Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Бишкек 10.04.2017 17:22 На русском

Бишкекте көчөдөн самса жана манты сатып жеген 6 адам ууланган, алардын экөө жаш балдар

Turmush -  Бишкек шаарында мурунку айда тамак-ашка ууланган эки учур катталган. Эки учурда тең уулангандар көчөдө мыйзамсыз сатылган тамак-аш сатып алып жеген, деп билдирди шаардын Санитардык көзөмөлдөө борбору.

Алгач тигүү цехинде эмгектенген 4 адам ууланган. Алар «Ош» базарындагы аялдаманын жанында үстү ачык арабада турган мантыдан сатып алышкан. Андан 3 сааттан кийин өздөрүн жаман сезген бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилген.

Ошондой эле, аталган базардан көчөдөн атасы сатып берген самсаны жеген 1,5 жана 7 жаштагы балдар ооруканага түшкөн. Балдарда уулануунун белгилери самсаны жегенден 5 саат өткөндөн кийин билине баштаган.

Мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борбору элди санитардык эрежелер сакталбаган ашканалардан, көчөдөн тамак сатып албоого чакырат. Ошондой эле, дүкөндөрдөн, соода түйүндөрдөн азык-түлүк алып жаткан учурда сактоо мөөнөтүнө көңүл буруу зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×