Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Кыргызстандын сулуусу Бегимай Карыбекова менен маек

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында өскөн 19 жаштагы Бегимай Карыбекова «Кыргызстан сулуусу-2017» наамынын ээси болду. Ага таажы менен бирге 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле, Кыргызстандын сулуусуна «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына өлкөнүн атынан катышуу укугу берилди. Жеңиштен кийин Бегимай менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

33

Бегимай

31

- Бегимай, буга чейин эл аралык моделдик агенттиктерде иштөө менен бирге чет өлкөдөгү сулуулар сынагына катышып, ал жерде да ийгиликтерди жаратып келиптирсиң. Бул жолу «Кыргызстан сулуусу-2017» наамын алуу сен үчүн оңойго турдубу?

- Чындыгында аталган сынактагы тапшырмаларды аткаруу, мисалы подиумда басуу мен үчүн оңой эле болду. Ал эми, «Кыргызстан сулуусу-2017» наамын көтөрүп кетүү бир аз оор болуп жатат. Себеби, сынактан кийин менин дарегиме жакшы да, жаман да сөздөр айтылууда. Жада калса шоу-бизнес чөйрөсүндө жүргөн кээ бир адамдар баш байгени жеңип алганыма нааразы болууда. Буга чейин мындан башка сынактарга катышкам. Жеңилген да, жеңишке жеткен да учурларым болгон. Ошондой эле, көптөгөн интригалардын далайын көргөм. Ошондуктан кандай гана кыйынчылыктар болбосун, алардын баарын көтөрүп кете алам деп ойлойм.

- Сынактарда жеңилген учурларда өзүңдү кантип сооротосуң?

- Албетте, мындай сынактар тагдырыңды чечпейт. Жеңилип калдым деп муңайып отуруп калбайм. Тескерисинче чыйралам, кайраттанам, күчтүү болууга аракет кылам. Эң негизгиси жеңишти да, жеңилүүнү да туура кабыл алыш керек. Ал эми, бул сынактын жыйынтыгы башка талапкерлердин ички сулуулугун да көрсөтүп койду.

- Айрым басылмалар аталган сынактын уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди жазып чыгышты. Мындан тышкары, уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы («Дүйнө сулуусу-2015» сынагынын катышуучусу) даярдануу учурунда катышуучуларды кемсинткен деген сөздөр айтылып жатат. Бул жөнүндө эмне айта аласың?

- Албетте, ар бир иштин күнгөй-тескейи болот. Бирок, Кыргызстанда сулуулар сынагынын деңгээлин көтөрүп, өнүктүрүп кетүү өтө кыйын. Өзүңөр билгендей, сынак мамлекет же кайсы бир жеке уюмдар тарабынан каржыланбайт, эч кимден колдоо көрсөтүлбөйт. Таттыбүбү Самидин кызы өзү эле аракет кылып, уюштуруп жүрөт. Ошондуктан жапжаш кыздын мындай иш-аракети жакшы деңгээл деп эсептейм. Ал эми, анын дарегине айтылган сөздөрдү билбейт экенмин. Болгону Алтынай Абдымомунова деген талапкерди сынакка даярдануу учурунда 2-3 жолу эле көрдүм. Биз эки ай жумушубуздан, окуубуздан калып, эртеден кечке даярдандык. Мен болсо сулуулар сынагына катышуу үчүн атайын Гонконгдон учуп келдим. Алтынай 2-3 жолу келип, кыздардын арасында интрига жаратып, ортодон ызы-чууларды салып жүрдү. Ал калыстар тарабынан сынактан четтетилген болчу. Өзүнө жараша эле жооп алды деп ойлойм.

- Сынактын кайсы тапшырмасы сен үчүн оор болду?

- Талант көрсөтүү тапшырмасы оор экен. Мындан тышкары сахнада бийлеп көрбөптүрмүн. Ал жагы да бир аз оор болду.

212647.ac222e5d87f6c4660b247588cf6d06d6

- Интеллектуалдык деңгээлди көрсөтүү тапшырмасында сени «Сүймөнкул Чокморовду билбей, күлкүгө калды» деген сөздөр айтылууда. Бул инсандын ким экенин билчү белең?

- Азыркы учурда өзүм эл аралык байланыштар бөлүмүндө билим алып жатам. Мектепти артыкчылык күбөлүк менен бүткөм. Сүймөнкүл Чокморов катышкан тасмаларды көрүп, кыргыз жазуучуларыбыздын китептери менен чоңойгон кызмын. Сахнанын, залда отурган элдин сүрү бар. Мен ошол тапшырма учурунда катуу толкунданып кеттим окшойт. Оозума салып койгон сары майдай эле Касым Тыныстановдун аты чыгып кетти.

- Биринчи жолу кайсы сулуулар сынагына катыштың эле?

- «Кыргызстан сулуусу» сынагына 14 жашымда катышкам. Уюштуруучулар келбетиме карап, сынакка катышууга укук беришкен. 9-класста мамлекеттик сынактарды тапшырып, дароо эле сынакка келгем. Анда сынакта жеңишке жетүү деген максат болгон эмес. Жөн гана катышып, өзүмдүн күчүмдү сынап көрөйүн дегем.

- «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына өлкөнүн атынан катышуу укугун алдың. Эми буга кантип даярданып баштайсың?

- Менин Филиппин, Кытай жана Сингапур мамлекеттериндеги моделдик агенттиктер менен келишимим бар. Бул агенттиктерде иштеп жүргөндө «Аалам сулуусу» сынагына барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал жерден да сабактарды алдым. Спорт менен машыгуу, тилдерди өздөштүрүү керек экен. Азыр ушул жагына көп басым жасайын деп жатам.

f10e3560d915283ce4e685aa1e6f1cc7_0_500_0

4b3b6d85862804f8e25854174869b05d_0_500_0

17759802_1875259282732834_8307488181963204592_n

17796806_1875257259399703_402482473295545755_n

- Өзүң канча тил билесиң?

- Азыркы учурда кыргыз, орус, англис тилдерин билем. Мындан тышкары, түрк жана азербайжан тилдеринде да бир аз сүйлөп калган учурларым болот. Араб тилинде да сүйлөйм. Кудай буюрса немис, француз тилдерин үйрөнсөм деген пландарым бар.

- Эл аралык деңгээлдеги модель экенсиң. Албетте, бул иш биздин менталитетке туура келбеген эрежелерди талап кылат. Эгерде, сен келишим түзгөн моделдик агенттиктерден ачык сүрөттөргө түшүү талабы болуп калса бул кадамга даярсыңбы? Бул көрүнүштү жакындарың кандай кабыл алышат?

- Дүйнөлүк аренага Кыргызстандан чыккан моделдер аз. Кыргыз элинин 90 пайызы мени менен сыймыктанып, жакшы сөздөрүн айтып жүрүшөт. Ал эми, сиздин сурооңузга келе турган болсок, менин өтө эле ачык сүрөттөрүм жок. Болгону жарнамаларга даярдалган моделдик сүрөттөргө түшөм. Негизи жашоодо жөнөкөй, сезимтал жана романтиканы жакшы көргөн адаммын. Бирок, сүрөттөрдө башкача образдарды көрсөтүп берем.

- Жакында эле «Бишкек сулуусу-2017» сынагы болуп, баш байгенин ээси келечектеги үй-бүлөсү үчүн наамдан баш тартканы айтылууда. Эгерде сен дагы ушундай көрүнүшкө туш болуп калсаң, наамды тандайсыңбы же үй-бүлөнүбү?

- Албетте, биринчи орунда үй-бүлө турат. Бирок, сынакка катышуудан мурун жакшылап ойлонуу керек. Сынак оюнчук эмес. Ар бир нерсеге олуттуу кароо зарыл деп эсептейм. Менде мындай көрүнүш болбойт. Себеби, мени жакшы көргөн адам, ар бир кылган иштеримди сыйлайт деген ойдомун.

- Сулуулар ийгиликти кантип багындырат?

- Акылдуулук жана ички дүйнөдөгү жакшы сапаттар сырткы сулуулукка дал келгенде гана бардык ийгиликтерди багындырасың.

- Ааламга жол айылдан башталат деген жакшы кеп бар. Айылың, өзүң тууралуу айтсаң?

- Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында төрөлүп, ошол жакта өскөм. Бул айылдан көптөгөн атактуу адамдар чыккан. Азыркы учурда менин айылдаштарым, жердештерим «Ак Мөөрдүн, Таттүбүбү Турсунбаеванын жолун жолдогон кыз» деп мени менен сыймыктанып жатканына абдан кубанычтамын.

- Коомчулук, биз билбеген кайсы өнөрдүн ээсисиң?

- Мектепте окуп жүргөндө сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк менен алектенчүмүн. Азыркы моделдик жумушума байланыштуу бул таланттарды өнүктүрө элекмин. Балким келечекте бул өнөрлөр менен алектенем. Ал эми апам, бир тууган эжелерим кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Атам болсо көптөгөн аспаптарда кол ойнотот. Учурунда Нарындагы драм театры менен көп жерлерге чыгып, аспаптарды ойноп жүрчү.

- Пластикалык операцияга кандай карайсың?

- Эгерде пластикалык операция адамдарга бактылуулук алып келсе, анда жасаса болот. Көп эле кыздар медицинанын бул түрүн колдонуп жатышпайбы.

- «Дүйнө сулуусу» сынагына катышкандан кийинки пландарың кандай?

- Чет өлкөдөн билим алуу мен үчүн биринчи орунда турат. Буюрса Эл аралык университетти аяктагандан кийин чет мамлекеттердеги окуу жайга тапшырам. Ошондой эле, аялдардын укугун коргогон дүйнөлүк деңгээлдеги уюм ачкым келет. Көбүнчө ислам өлкөлөрүнө барган учурда аялдардын укугу тебеленип жатканын көрөм. Аларга жардам бергим келет.

212658.e791b0dd4bfa3e7965aac45bcad8516f

212657.da61629492f996943b7240570c5c4bfb

- Сынактарга катышууга материалдык жактан ким жардам көрсөтөт?

- Апам, эжелеримдин баары кол өнөрчү болгондуктан сынакка кийип чыгуучу көйнөктөрүмдү тигип беришет. Ошондой эле, материалдык жактан Германияда жашаган таежем жардам берет. Өзүм дагы моделдик агенттиктерден тапкан акчаларымды сынактарга жумшайм.

- Сыр болбосо моделдик агенттиктерден канча каражат табасың?

- Мисалы, чет өлкөдө биз күнүгө кастингдерге барабыз. Моделдик бизнесте сулуу кыздар абдан көп. Бир кастингден өтсөң, экинчисинен өтпөй каласың. Буйрутмачылардын саны көп болуп, кастингден өтүп турсаң, анда көп каражат табасың.

«Кыргызстан сулуусу-2017» наамына талапкер болгон сулуулар:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 32504
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Men
10:53, 12 апреля 2017
Жалпы кыргызстандыктарга 3 тилди гана мыкты денгээлде оздоштуруу жетиштуу: кыргыз, орус, англис тилдерди (сабатту жазуу, окуу, суйлоо), а калганына убакыт коротуу кажет эмес (башка тилге кызыккандардын дарегине эмес).
Нет аватара
2016-kg
03:31, 09 апреля 2017
Да хватит оправданий... все уже поняли как все делается ...! Бизнес и ничего личного... в будущем результаты данного конкурса должны решать не 5-6 псевдо жюри, а более глобально вплоть до участия всего народа , как минимум Интернет голосование, смс-голосование.... ( это нужно хотя-бы вернуть доверие к данному конкурсу) и без "матов и продаж билетов"...
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 46 адам окуп жатат)
×