Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

КУУнун ректору Ч.Адамкулова отставкага кетти

Turmush -  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чинара Адамкулова отставкага кетти. Бул маалыматты университеттин пресс-катчысы тастыктады, деп маалымдады Билим АКИpress.

Ректордун отставкасы тууралуу университеттин башкы имаратында диссертациялык кеңештин залын ачуу урундагы иш-чарада белгилүү болду. Жаңы залдын кызыл тасмасын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов жана Ч.Адамкулова кести.

Ч.Адамкулованы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кылып 2015-жылдын 11-июнунда мурунку өкмөт башчы Темир Сариев дайындаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1312
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
21:06,   21.11.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×