Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фоторепортаж – Кыргызстан сулуусу кантип тандалды?

Turmush -  Кечээ, 5-апрелде Бишкекте «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагы болуп өттү. Анда, жалпы 16 талапкер күч сынашты.

Маалым болгондой, сынактын катышуучулары кыргыз бийин бийлөө, кыргыз улуттук кийимдерди, талантты жана интеллектуалдык деңгээлди көрсөтүү тапшырмаларын аткарышты. Мындан тышкары алар флешмобго чыгып, бал көйнөктөрүн дагы көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгында Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын 19 жаштагы сулуусу Бегимай Карыбекова «Кыргызстан сулуусу-2017» наамынын ээси болду. Ага таажы менен бирге 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле, Кыргызстандын сулуусуна «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына өлкөнүн атынан катышуу укугу берилди.

Ал эми, аталган сынакта биринчи вице-мисс Айчүрөк Маматемирова болсо, экинчи вице-мисс деп Гүлзада Исламбек кызы аталды.

Буга чейин Turmush басылмасына маалымдалгандай, «Спорт сулуусу» наамын Даяна Ашырматова, «Талант сулуусу» наамын Элнура Кабылбек кызы жана «Подиумдун сулуусу» наамын Сусанна Игорян жеңип алды. Айпери Мелисбек кызы көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2766
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×