Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Өкмөт Илимдер академиянын президенти А.Эркебаевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Turmush -  Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу тиешелүү токтом чыгарылганын бүгүн, 6-апрелде Өкмөт аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

А.Эркебаев отставкасы тууралуу 31-мартта Илимдер академиясында өткөн жалпы жыйында билдирген. Анын айтымында, Илимдер академиясы үчүн учурдагы оор кырдаалдан чыгуунун 3 жолу бар. Алар: жеңилбестен аягына чейин күрөшүү, агым менен сүзүп, орунду кармап калуу же жаштарга орун бошотуу.

Анын пикиринде, бирок биринчи жол саясий бийлик менен ачык конфронтацияга (каршылык) баруу болуп эсептелсе, экинчи жол моралдык-этикага туура келбейт. Андан улам президент жаштарга орун бошотууну чечкен.

А.Эркебаевди Улуттук илимдер академиясынын президенти кылып дайындоо жөнүндөгү токтомго 2013-жылдын 4-мартында мурунку премьер-министр Ж.Сатыбалдиев кол койгон. Ал 5 жылдык мөөнөткө жетекчи болуп Улуттук илимдер академиясынын 2013-жылдын 8-февралындагы жалпы жыйынында шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1822
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
kg.tabiat
18:43, 06 апреля 2017
Правильное и справедливое решение. Эркебаев А.Э. за пять лет на посту Президента НАН КР нанес столько вреда, что и за 10 лет не наверстаешь упущенного. Еще бы 2-3 года его руководства и от НАН ничего бы не осталось. Академик Эркебаев А.Э. занимался уничтожением науки в Кыргызстане. Заявляя о своей отставке на общем собрании НАН КР Эркебаев А.Э. выбрал третий путь – передать эстафету молодым. Единственное мудрое решение за годы его правления. Надеемся, что наше Правительство исправит свою ошибку и назначит нового Президента НАН КР, который выведет науку на новый рубеж и поднимет престиж науки в Кыргызстане.
Нет аватара
kg.tabiat
18:38, 06 апреля 2017


3. УИАнын Президиуму учурда алсыздыгын гана көрсөтүп жатат - институттардын проблемаларын чечпеген, реформаны туура жүргүзө албаган, мамлекет бөлгөн финансыны да пайдалана албай кайра кайтарып берип олтурган Президенттин, Президиумдун бизге кереги барбы? Ошол каражат интитуттардын бир топ көйгөйлөрүн чечпейт беле. Акыркы жылдардагы Президиум Академияны жетектей албай, анын аброюн тушуруп жатат. Андан көрө анын ордуна Директорлор Кеңеши тузүлсө жагдай оңолот беле? Президиумга чөгүп кетип жаткан каражаттар институттарга бөлүнөт эле да Институттардын илимий кызматкерлери академиктер үчүн эле иштеп жаткандайбыз, алар ансыз деле бардык жагынан корголгон. Алар кумурскадай иштеп жаткан илимий кызматкерлерди ойлошпойт.
Нет аватара
kg.tabiat
18:38, 06 апреля 2017
Цитата: kg.tabiat 18:36, 06.04.2017
Илимдер Академиясында реформа жүрүп жатат, аны максатка ылайык тууралап жүргүзө албай президенти Абдыганы Эркебаев кызматынан кетип жаткан мезгили. Илимдин багыттарын түшүнбөй реформаны чалды-куйду жүргүзүп, оюнга айландырып жиберди эле. Байкуш ортонку катмардагы тикеден-тике илимий иштерди аткарып жаткан кызматкерлер чындыкты издеп аргасыздан митингге чыгып, гезиттерге жазып, Жогорку кеңешке чейин жетишкен. Эркебаев Академиянын аброюн бир топ түшүрүп жиберди эле Кудайга шүгүр кечигип болсо да кетип жатканы. Кубанычтабыз. Татыктуу жетекчини күтөбүз.

Нет аватара
kg.tabiat
18:36, 06 апреля 2017
Илимдер Академиясында реформа жүрүп жатат, аны максатка ылайык тууралап жүргүзө албай президенти Абдыганы Эркебаев кызматынан кетип жаткан мезгили. Илимдин багыттарын түшүнбөй реформаны чалды-куйду жүргүзүп, оюнга айландырып жиберди эле. Байкуш ортонку катмардагы тикеден-тике илимий иштерди аткарып жаткан кызматкерлер чындыкты издеп аргасыздан митингге чыгып, гезиттерге жазып, Жогорку кеңешке чейин жетишкен. Эркебаев Академиянын аброюн бир топ түшүрүп жиберди эле Кудайга шүгүр кечигип болсо да кетип жатканы. Кубанычтабыз. Татыктуу жетекчини күтөбүз.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×