Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Казак президенти Н.Назарбаевдин кызынын тасмасы «Ак илбирс» киносыйлыгына көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Улуттук «Ак илбирс» киносыйлыгынын «Борбор Азиядагы мыкты тасма», «Борбор Азиядагы мыкты актёр» жана «Борбор Азиядагы мыкты актриса» наамдарына ат салышкан талапкерлер белгилүү болду. Бул тууралуу аталган киносыйлыктын негиздөөчүлөрүнүн бири жана Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев билдирди.

Маалым болгондой, аталган наамдарга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы продюссерлик кылган «Энеге карай жол» тасмасы көрсөтүлдү.

«Борбор Азиядагы мыкты тасма» наамына талапкерлер:

1. «Маймылдын түшү», режиссёру Руми Шоазимов (Тажикстан);
2. «Энеге карай жол», режиссёру Акан Сатаев (Казакстан);
3. «Күздүн майда-бараттары», режиссёру Зульфикар Мусаков (Өзбекстан).

«Борбор Азиядагы мыкты актёр» наамына талапкерлер:

1. Баходур Миралибеков, «Маймылдын түшү»;
2. Адиль Ахметов, «Энеге карай жол»;
3. Бахриддин Абдуллаев, «Күздүн майда-бараттары».

«Борбор Азиядагы мыкты актриса» наамына талапкерлер:

1. Зульфия Садыкова, «Маймылдын түшү»;
2. Алтынай Ногербек, «Энеге карай жол»;
3. Феруза Саидова, «Күздүн майда-бараттары».

Киносыйлыкты тапшыруу иш-чарасы 14-апрелде Бишкектеги «Манас» кинотеатрында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1240
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
21:06,   21.11.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×