Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Улуттук илимдер академиясынын президенти А.Эркебаев отставкага кетет

Turmush -  Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев отставкага кетет. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Илимдер академиясында өткөн жалпы жыйында билдирип, кесиптештерине кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын көрсөттү.

Анын айтымында, Илимдер академиясы үчүн учурдагы оор кырдаалдан чыгуунун 3 жолу бар. Алар: жеңилбестен аягына чейин күрөшүү, агым менен сүзүп, орунду кармап калуу же жаштарга орун бошотуу.

Анын айтымында, бирок биринчи жол саясий бийлик менен ачык конфронтацияга (каршылык) баруу болуп эсептелсе, экинчи жол моралдык-этикага туура келбейт. Андан улам президент жаштарга орун бошотууну чечкен.

А.Эркебаевди Улуттук илимдер академиясынын президенти кылып дайындоо жөнүндөгү токтомго 2013-жылдын 4-мартында мурунку премьер-министр Ж.Сатыбалдиев кол койгон. Ал 5 жылдык мөөнөткө жетекчи болуп Улуттук илимдер академиясынын 2013-жылдын 8-февралындагы жалпы жыйынында шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1687
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу