Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Мамкурулуштун башчысынын орун басары алмашты

Turmush -  Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин башчысынын орун басары болуп Урматбек Кокочаров дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ал буга чейин Мамкурулуштун турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп эмгектенип жаткан.

Өкмөт башчынын башка буйругу менен Чыңгыз Кубатбеков Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Ал бул кызматта 2000-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келген. Ага чейин Бишкек шаардык архитектура башкармалыгында архитектор болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1154
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×