Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкекте предметтик сабактар боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Бишкекте бүгүн, 28-мартта мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Маалым болгондой, олимпиада 25-26-мартта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өттү.

Олимпиада эки күнгө созулуп, анын жеңүүчүлөрү Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чарада белгилүү болду. Анда, жеңүүчүлөргө Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан акысыз билим алууга укук берген күбөлүктөр жана сыйлыктар тапшырылды.

Республикалык олимпиадага жалпы 316 окуучу катышып, 113 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту.

Буга чейин Turmush басылмасына маалымдалгандай, олимпиадада 1-2-орундарга ээ болгон окуучулар сынактан тапшырган сабактары боюнча жогорку окуу жайлардагы факультеттерди тандай алышат. Ал эми 3-орунду багындырган окуучулар педагогикалык окуу жайдан бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1460
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу