Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото — Бишкекте мектеп окуучулардын сабактар боюнча республикалык олимпиадасы башталды

Turmush -  Бүгүн, 25-мартта Кыргыз – Түрк «Манас» университетинде мектеп окуучуларынын сабактар боюнча республикалык олимпиадасы башталды.

Маалым болгондой, олимпиада эки күнгө созулуп, анын жеңүүчүлөрү 28-мартта Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чарада белгилүү болот. Анда аларга Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алууну үчүн күбөлүктөр жана сыйлыктар тапшырылат.

Олимпиадада 1-2-орундарга ээ болгон окуучулар сынактан тапшырган сабактары боюнча жогорку окуу жайлардагы факультеттерди тандай алышат. Ал эми 3-орунду багындырган окуучулар педагогикалык окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Республикалык олимпиадага жалпы 316 окуучу катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1813
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу