Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Окумуштуулар өлүмдүн жакындаганын билдирген адамдын организминдеги жышаанды айтышты

Turmush -  Стокгольм университетинин (Stockholm University) окумуштуулары адамдын жыт билүү сезимин жоготуусу өлүмүнүн жакындаганынан кабар бериши мүмкүн экенин айтышты. Окумуштуулардын пикири боюнча, бул эки нерсенин бири-бири менен байланышы бар. Бул тууралуу The Telegraph жарыялады.  

Маалыматта айтылгандай, 10 жыл аралыгында адистер 40-90 жаштардагы 1774 адамга көз салып, байкоо жүргүзгөн. Эксперименттин башталышында алар катышуучуларга 13 түрдүү жытты бири-биринен айырмалап билип берүүнү сунуштаган. Андан белгилүү убакыт өткөндөн кийин кайрадан жыттарды ажыратууну сунушташкан.

Эксперименттин жыйынтыгында адистер мындай ыкма аркылуу адамдын ден соолугу тууралуу кабардар болууга болот деген тыянакка келишти. Эгер адам жыт билүү сезимин суук тийип калган учурда жоготсо, анда кабатыр болуунун кереги жок.

«Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы адам карыганда ой жүгүртүүсү начарлайт деген түшүнүк менен берилбейт. Адамдын жыт сезүү органы иштебей, жыттарды билбей калса, ал адамдын өлүмү жакындаганы тууралуу маалымат берет. Биз алдыдагы изилдөөлөрүбүздө бул феноменди түшүндүрүп бере ала турган биологиялык процесстерди аныктап чыгууга аракет көрөбүз», - деди изилдөөнүн автору Йонас Олофсон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2140
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×