Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Бишкекте кыргыз тили боюнча жогорку окуу жайлар аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият таануу институтунда Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында кыргыз тили боюнча жогорку окуу жайлардын арасында V олимпиада өттү. Бул тууралуу аталган университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул олимпиаданы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту уюштурган.

Аталган олимпиадага Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун кыргыз филологиясы багытында окуп жаткан 1-2-3-курстун студенттери катышып, I тур тест, II тур жазуу (эссе), ал эми III тур оозеки түрүндө (долбоорду коргоо) тапшырмаларды аткарышты. Анда беш окуу жайдын 14 студенти финалга катышуу укугуна ээ болду.

Жыйынтыгына, 1-орунду К.Карасаев атындагы БГУнун студенти Бегалы Токтогулов, 2-орунду И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти Чолпонай Кубанычбекова жана 3-орунду Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенти Бегайым Нурлан кызы алды. Женүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана китептер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1279
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу