Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

С.Каралаевдин айтуусундагы «Семетей» эпосунун академиялык басылышы 6 том менен жарыкка чыкты

Turmush -  Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Семетей» эпосунун академиялык басылышынын алты тому жарык көрдү. 1000 нускадагы томдуктар Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан даярдалган. УИАнын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин «Манас» эпосу төрт том болуп жарыкка чыккан.

«Семетей» эпосу манасчынын эң көлөмдүү варианты. Анда 200 миң саптан ашык ыр камтылган. Академиялык басылыш болгондуктан илимий комментарийлер жана түшүнүктөр берилген. Академиялык варианттарды басмага институттун кызматкери Айнек Жайнакова, илимий редактору академик Абдылдажан Акматалиев даярдаган.

А.Акматалиевдин айтымында, «Манас» эпосунун академиялык басылыштарын даярдоо 1992-жылы башталган.

«Ал кезде директор катары «Манас» бөлүмүндөгү кызматкерлерди «Сагымбай таануу» жана «Саякбай таануу» деген эки тайпага бөлүп, академиялык басылыштарды даярдай баштаганбыз. «Сагымбай таануу» тайпасын Самар Мусаев, «Саякбай таануу» тайпасын Айнек Жайнакова жетектеди. Иш өтө татаал жана жоопкерчиликтүү болду. Мындай чоң көлөмдөгү эпостун академиялык басылыштарын даярдоодо үлгү жок болчу. Ошентсе да иш процесси жүрүп кетти. Бирок, бизди кыйнаганы басып чыгарууга каражат жок болуп жатты. Жада калса «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда китепке каражат толук бөлүнгөн эмес. Биз улам-улам республикалык жетекчиликке кайрылып жаттык. Акыры академиялык басылышты 2012-2017-жылдарда «Манас» эпосун сактоо, өнүктүрүү боюнча Улуттук программага киргиздик.

2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы академиялык басылышы толук жарык көрүп, Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп бердик. Ал эми Саякбай Каралаевдин академиялык басылышын чыгаруу аяктап калды. «Семетей» бөлүмүнө бир аз каражат бөлүнсө толук бүтөт. Негизги максат орундалды, чындыгында өтө кубанып жатабыз», - деди А.Акматалиев.

Учурда 6 томдуктун бет ачарына даярдык иштери жүрүп жатат.

Манас

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1043
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×