Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Бишкектеги 80 жаштагы аспирант Т.Бешеев сынактарга кызуу даярданып жатат (фото)

Turmush -  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасында 80 жаштагы Төлөгөн Бешеев аттуу изденүүчү билим алып жатат. Бул тууралуу анын курсташтары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазып чыгышты.

«Билим алууга эч качан кеч эмес! Таанышып алыңыздар, бул менин курсташым Төлөгөн ата. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранты, келечектеги филология илимдеринин кандидаты. Төлөгөн ата 80 жашта. Эс-тутуму жакшы, ой жүгүртүүсү жана тамашакөйлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Эч качан сабакты калтырбайт. Анан да дайыма өзүн тыкан алып жүрөт», - деди анын курсташы.

1369076.1.1489044857

Маалым болгондой, Т.Бейшеев азыркы учурда пенсияда. Буга чейин ал мектепте кыргыз тил сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Ал 1960-жылдары жогорку окуу жайдан билим алган.

2016-жылы мугалим «Башталгыч мектептерде кыргыз жана орус тилдерин окуутунун технологиясы» кафедрасына изденүүчү болуп кирген. 2017-жылдан баштап кандидаттык минимумдарга даярдануу үчүн сабактарга катышып баштаган.

Азыркы тапта 80 жаштагы мугалим педагог адистиги боюнча «Келечектеги педагогдорду даярдоодо кыргыз тилиндеги сөз байлыкты көбөйтүү үчүн сөздүктөрдү пайдалануу» темасы боюнча диссертациялык ишин жазып жатат.

Төлөгөн ата журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, ал жөнүндө жазууну каалабай тургандыгын билдирди. Ал китепканага барып, тарых, философия, кыргыз жана англис тилдери боюнча сынактарга даярданып жатканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2886
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×