Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

КМЮАнын ректорунун милдетин А.Мамбеткулов аткарып жатат

Turmush -  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректорунун милдетин Арстанбек Мамбеткулов аткарып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта академиядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал буга чейин жогорку окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору болуп эмгектенип келген.

КМЮАнын ректору Канат Керезбеков КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ал парламенттин бүгүн, 9-марттагы жыйынында ант берди. К.Керезбеков парламентке өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну суранган Тилектеш Исаевдин ордуна барды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1237
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×