Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Авариядан катуу жабыркаган И.Карыпбеков өзүнө келип, ордунан турууга аракет кылды

Turmush -  Авариядан катуу жабыркап, операция жасалган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун абалы туруктуу. Ал кечээ, 3-мартта өзүнө келип, ордунан турууга аракет кылган. Бул тууралуу АКИпресс агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова билдирди.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунун дарыгерлери билдиргендей, И.Карыпбеков дарылоо курсунан өтүп жатат. Дарыгерлер анын ден соолугу жакын арада калыбына келет деп болжолдоодо. Азырынча бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Жол транспорт кырсыгынан кийин оор абалда ооруканага жеткирилген И.Карыпбековго 1-мартта эртең менен операция жасалган. Операциядан кийин кечинде ойгонгону маалымдалган.

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милициясынын маалыматы боюнча, авария 1-мартка караган түнү саат 03:19 чамасында Түштүк магистралда болгон.

«1979-жылы туулган Илим Карыпбеков «Рендж-Ровер» (мамлекеттик номуру В 9177 АО) унаасын Аалы Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапка башкарып бара жатып, «Сенатор» кафесинин каршысынан бордюрга урунуп, түркүктү сүзгөн», - деп айтылат маалыматта.

Унаанын салонунда өзүнөн башка эч ким болгон эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, И.Карыпбековдун ички органдары жабыркаган. Анын авариядан кийин жарактан чыккан унаасы айып төлөнүүчү жайга жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1483
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу