Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

«Биринчи мугалим – 2017» наамына ээ болгон айылдагы башталгыч класстын мугалими Москвага жолдомо алат

Turmush -  Кыргызстандын айылдарындагы мектептерде башталгыч класстарды окуткан мугалимдер арасында «Биринчи мугалим – 2017» сынагы жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, аталган сынак «Санжарбек Данияров» атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулууда.

Сынакка айыл жергесиндеги мектептердин башталгыч класстардын мугалимдери катыша алат. Жыйынтыгында «Биринчи мугалим – 2017» наамына ээ болгон катышуучу аталган коомдун Ардак диплому менен сыйланат. Ошондой эле, Москва шаарына саякатка барып келүү укугуна ээ болот.

Ал эми, сынакта 1-2-3-орунду жеңип алгандар окуучулары менен бирге Бишкекке бир күнгө маданий-билим берүү саякатына келип кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2432
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу