Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

С.Исаков Президенттик аппараттын жетекчиси болду (резюме)

Turmush -  Исаков Сапар Жумакадырович Президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын бүгүн, 1-мартта билдиргенине караганда, тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

С.Исаков январдын аягында Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болгон. Ага чейин Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

С.Исаков 1977-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктаган. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык укук кафедрасынын доценти.

Эмгек жолу:

- 1999-2003-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинде мугалим;

- 2003-2007-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укук департаментинин эки тараптуу кызматташуу бөлүмүндө атташе, 3-катчы, 2-катчы, бөлүм башчы;

- 2007-жылдын апрель-август айлары — Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмү, бөлүм башчы;

- 2007-жылдын августунан 2009-жылдын октябрына чейин — Өкмөт аппаратынын тышкы байланыш бөлүмү, бөлүм башчы;

- 2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин — Кыргызстандын өнүктүрүү, инвестиция, коммуникация кызматы боюнча борбордук агенттиги, жетекчи;

- 2010-жылдын апрели — Убактылуу өкмөттүн аппараты, эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы;

- 2010-жыл август-декабрь — Президенттин администрациясы, тышкы саясат бөлүмү, бөлүм башчы;

- 2010-жыл декабрь — Өкмөт аппараты, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

- 2011-жылдын 7-декабры — президент А.Атамбаевдин буйругу менен Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган;

- 2017-жылдын 31-январында Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1660
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу