Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Авариядан катуу жабыркаган И.Карыпбековго ийгиликтүү операция жасалды

Turmush -  Жол транспорт кырсыгынан кийин оор абалда ооруканага жеткирилген КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Министрдин айтымында, бейтаптын абалы оор, бирок туруктуу. Учурда жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда.

Окуя тууралуу:

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милициясынын маалыматы боюнча, авария бүгүн, 1-мартка караган түнү саат 03:19 чамасында Түштүк магистралда болгон.

«1979-жылы туулган Илим Карыпбеков «Рендж-Ровер» (мамлекеттик номуру В 9177 АО) унаасын Аалы Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапка башкарып бара жатып, «Сенатор» кафесинин каршысынан бордюрду сүзгөн», - деп айтылат маалыматта.

Унаанын салонунда өзүнөн башка эч ким болгон эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, И.Карыпбековдун ички органдары жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×