Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп А.Мамасейитов дайындалды

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп милициянын подполковниги Мамасейитов Акылбек Садырбекович дайындалды.

Бүгүн жаңы жетекчини Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамына ИИМдин жетекчисинин орун басары, милициянын генерал майору Курсан Асанов тааныштырды. Жыйынга өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, облустук прокуратура, сот тармагынын жетекчилиги катышып, жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалашты.

Мамасейитов Акылбек Садирбекович ички иштер органдарында 22 жылдан бери эмгектенип келет. Бул кызматка чейин ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана коомдук бирикмелер менен байланыш башкармалыгынын башчысы болуп иштеп турган.

Өздүк курам менен тааныштыруу учурунда К.Асанов буга чейинки жетекчи Ж.Жоробековдун ишмердүүлүгүн баалап, А.Мамасейитовдун тажрыйбасын белгилөө менен жумушту алга жылдырат деп ишеним көрсөттү. Ошондой эле, алдыга койгон милдеттерди, реформанын талаптарын аткарууну белгиледи.

Жыйындан кийин К.Асанов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Жалал-Абадда алгачкы жолу ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 100 батирлүү көп кабаттуу турак үйдүн курулушунан жакындан кабар алды.

ОИИБдин мурунку башчысы Жеңиш Жоробековду кызматынан алуу тууралуу чечим ИИМде 3-февралда өткөн коллегиялык жыйындын жыйынтыгы менен кабыл алынган. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

Буга чейин, А.Мамасейитовдун башкаруусундагы унаа жолдо жүрүү эрежесин одоно бузганына күбө болгон окурман ал тууралуу «Репортерго» маалымдаган. Ал эми, Патрулдук милиция кызматы ал айдоочуга административдик протокол түзүлүп, 1 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын билдирген.

31

32

33

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3860
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×