При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Калың кардан улам Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка жолу жабылып, министрдин орун басары артка кайтты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-февралда Чаткал районунун акиминин чечими менен ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатында, аба ырайы турукташканга чейин Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка жана Красная Горка—Ак-Таш унаа жолдору жабылды.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ӨКМ жетекчисинин орун басары Равшан Рысбаев, Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Абдышарип Бекилов Чаткал районунун эли менен жеринде жолугушуу үчүн жөнөп кетишкен. Бирок, аба ырайы катаал болуп, жол ачылбаганына байланыштуу Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 68-чакырымынан саат 15:30да кайра артка карай кайтышты.

Ошондой эле, министрликтин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунан Чаткал районуна шифер алып бара жаткан «КамАЗ» Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 68-чакырымынан артка кайтты. Каттам ачылгандан кийин 120 даана шифер Каныш-Кыя айылына жеткирилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1224
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:56,   23.06.2017   ( 18 адам окуп жатат)
×