Бөлүмдөр
Жума, 22-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Кара-Булак аймагына Баткен шаарынын жаңы конушу курулат, - облус жетекчилиги

Turmush -  Учурда Баткен шаарын кеңейтүү үчүн жаңы административдик турак-жай комплексин куруу үчүн долбоордун эскиз-варианттары иштелип чыгууда. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган долбоордун алкагында Баткен шаарында бардык заманбап инженердик коммуникациялык шарттары менен жаңы конуш курулат. Бүгүнкү күндө шаардын түштүк аймагынан 100 гектар жер аныкталып, жаңы административдик жана турак-жай комплексин куруу үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөр, донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Буга чейин облус жетекчилиги Кара-Булак айыл аймагынан атайын 100 гектар жер бөлүнүп, жаңы шаар курулуп, обладминистрациянын имараттары ошол жакка курула турганын билдирген.

(Кара-Булактан Баткен шаарына чейинки аралык 20 км)

Кара-Булак

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1261
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу