При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Элдик уламыш: Баул айылында 7 кишинин кучагы араң жеткен терек өсөт (фото)

Turmush -  Лейлек районундагы Баул айылынын аталышы бийиктик, салкындык деген маанини билдирет. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.

Жергиликтүү тургун Жоробай Калыковдун айтымында, айыл тоолуу болгондуктан тез-тез жамгыр жаап турган. «Баул деген сөз бийиктик, салкын деген маанини түшүндүрөт», - деди ал.

Айылда 7 адамдын кулачындай жоондуктагы терек өсөт. Бул жерге балалуу болбогондор келип, мал союп, зыярат кылып кетишет.

Баул айылы облус борборунан 112 чакырым, ал эми район борборунан 75 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан. Элеттеги 2 миңге жакын үй-бүлө негизинен мал чарбачылык менен алектенет. Айыл жалпысынан 106 гектар аянтты ээлейт.

Тема боюнча:

25.09.2015Лейлектин Баул айылында өскөн 1200 жылдык дарактын жанына тарых музейин ачуу пландалууда (фото)
04.05.2016Лейлектин Баул айылында жаңы мектептин курулушу башталды (фото)
18.07.2016Баул айылында 4 себеп менен 7 желек орнотулган (фото)
03.11.2016Баул айылында мектеп курулуп жатат
15.02.2017Айыл турмушу: Баткендеги алыскы Баул айылынын эли китептерди кезекке туруп окушат (фото)
17.02.2017Лейлектин Баул айылында баланы бешикке бөлөө салты кантип аткарылат? (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2966
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×