
Turmush - Нарын шаарында 9-класстагы окуучулардын арасында «Интеллектуал мырза» жана «Жаш билерман» интеллектуалдык сынактары өткөрүлдү.
Уюштуруучулардын бири Апсамат Хаким уулу кабарчыга билдиргендей, бул сынакта шаардагы 9 мектептин окуучулары күч сынашты.
«Жарышта негизинен математика, кыргыз тили жана адабияты, тарых, география сабактарынан жана логикалык багыттагы суроолор берилди. Оюндагы ар бир команда 4 окуучудан куралды. Ар бир мектептен балдар жана кыздар командалары түзүлүп, кыздар командасы кыздар менен, балдар командасы балдар менен таймашты», - деди А.Хаким уулу.
Бул сынак 3 турдан турат. 15-февралда өткөн 1-турда аз упай топтогон 3 команда оюндан четтетилди. Ал эми, сынактын 2-3-турлары жазында өткөрүлүп, жеңүүчү команда Бишкекте өтө турган финалдык таймашка жөнөтүлөт.
Учурда бардык облустарда «Интеллектуал мырза» жана «Жаш билерман» сынактарынын финалчылары тандалып жатат.