Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-февраль

При поддержке MegaCom

Лейлектин Баул айылында баланы бешикке бөлөө салты кантип аткарылат? (фото)

Turmush -  Кыргыз элинде баланы бешик бөлөө үчүн бешикти таенеси алып келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Лейлек районунун Баул айылындагы апалар билдиришти.

Алардын айтымында, учурда балдарын бешикке бөлөгөндөр азайып бара жатат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Ага атайын пахта салынып, колго тигилген төшөктөрдү салышат.

«Бешик той өтө турган күнү нан бышырылып, мал союлуп тууган-уруктар чакырылат. Коноктор кур кол келбей, белек-бечкектерин көтөрө келишет. Алар наристени алкап, бата беришет. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп бала төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат», - деди айылдагы Жемуратова Адалат апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 300
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Эң кызыктуу
×