Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-февраль

При поддержке MegaCom

Кадамжай районунда жылына 2 млн түптөн ашуун көчөт өстүрүлөт

Turmush -  Кадамжай районунда жылына 2 млн түптөн ашуун мөмө-жемиш көчөттөрү өстүрүлөт. Бул тууралуу Кадамжай районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Бахадыр Алиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 16-февралда Кадамжай районунда Европадан алынып келген карлик көчөттөрүн сатууну сунуштаган топ жыйын өткөрдү.

«Биздин райондогу 3 айыл өкмөттө атайын көчөт өндүрүүчү чарбалар иш жүргүзүп келет. Район аймагында 1 кооператив көчөт өндүрсө, андан сыркары жеке менчик көчөт өндүрүү кооперативдери жылына 2 млн түптөн ашуун көчөт өндүрөт. Кадамжай районуна жылына жалпы 50 миң түп көчөт отургузулат. Ал эми план боюнча 700 миңден ашуун көчөт отургузуу керек. Учурда райондо өндүрүлгөн көчөттөр Баткен облусунун аймагына да жетет. Азыркы кезде Кадамжай районунда бардык мөмө-жемиштин көчөттөрү бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 197
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
16:25,   19.02.2017   ( 7 адам окуп жатат)
8:33,   20.02.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×