При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Жылдын аягында өзүм менен бирге көрө албаган көптөгөн саясатчыларды ала кетем, - А.Атамбаев

Turmush -  «Жылдын аягында өзүм менен бирге көрө албаган көптөгөн саясатчыларды алып кетем», - деди Алмазбек Атамбаев. Ал мындай билдирүүсүн кечээ, 16-февралда Брюсселде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу архивдик материалдарды Кыргызстанга берүү иш-чарасында айтты.

«Кыргыздардын, өзгөчө бийликте тургандардын көрө албастыгы бар. Манас өз учурунда Каныкейди жашыруу үчүн Бухарага бекеринен кетирген эмес. Биз Кыргызстандын элитасы эртерээк тазаланышын тилейбиз. Жылдын аягында өзүм менен бирге көрө албаган көптөгөн саясатчыларды алып кетүүнү ойлоп жатам», - деди ал.

А.Атамбаев көрө албаган саясатчылардын ордуна таза жаш кадрлар келет деген ниетин кошумчалады.

2017-жылы 19-ноябрда Кыргызстандын президентин шайлоо болот.

15-февралда президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Бельгияга учуп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3619
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу