При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-март

Ч.Айтматов менен достошкон Чета Бланкофф анын чыгармачылыгы боюнча Бельгиядагы архивдик материалдарды берди (фото)

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев 16-февралда Бельгия Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Архивдик материалдарды Брюссель Эркин университетинин ардактуу профессору, Королдук археология академиясынын мүчөсү Жан Бланкофф өткөрүп берди.  

Өз сөзүндө мамлекет башчысы иш чаранын катышуучуларын жылуу куттуктап, ага Чыңгыз Айтматовду жакын билген жубайлар Бланкоффтор сыяктуу көп адамдар катышып жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, улуу жазуучу менен ал дагы жакын мамиледе болгон.

«Жубайлар Бланкоффтор сыяктуу анын жанында болуп, жардам берген адамдардын аркасынан ал бир гана элдин эмес, планетанын жазуучусу болуп калды», - деген Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик жылдарында Чыңгыз Айтматовго эстеликтер тургузулганын жана улуу жазуучуга татыктуу күмбөз курулганын канааттануу менен белгиледи.  

«Биздин эл Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучуну жаратканына, анын сөздөрү, образдары, символдору китептери аркылуу бүт дүйнөгө тараганына сыймыктанабыз. Анын ар бир чыгармасы – өзүнчө ыйман сабагы, чыгармаларынын маңызы көптөгөн жылдардан кийин дагы ачыла бермекчи», - деди Алмазбек Атамбаев.  

«Мен жубайлар Бланкоффторго ыраазымын. Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан ар бир маалыматтын мааниси чоӊ. Бланкоффтор жыйнаган аудио, видео-фотоматериалдар коллекциясы — жазуучунун өмүрүнүн эң кызыктуу барактары, алар Кыргызстандын музейлеринде, анын ичинде Айтматовдун үй музейинде сакталуу менен айтматов таануучулардын ишине керек болот. Оор учурларда анын Чыңгыз Айтматовдун жанында болгон Бланкоффторго ыраазылык жолдойм», - деди Алмазбек Атамбаев.  

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, өз Мекениӊден алыста жүргөн кезде санаалаш адамдардын болгону маанилүү.

«Мен да кээде өз ыктыярым менен, кээде аргасыздан өз жеримден алыста жүргөн учурларым болгон. Ошондо жаныӊда жакын адамдарыӊ, чыныгы досторуӊ болсо, баары жеӊил өтөт», - деди Алмазбек Атамбаев.

Маектердин биринде Брюсселде өзүӊүздү жалгыз сезесизби деген суроого Чыңгыз Айтматов, орус тили боюнча адистер Жан менен Голди Бланкоффтор ага ынак болуп калышканын, алар менен ачык сырдашам деп жооп бергенин президент эске салды.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, кээде адамдар жанындагыларды жакшы баалашпайт же анча маани беришпейт.

«Кээде колубузда турган асыл нерсени, керек болсо ушундай генийди да баалабайбыз. Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн ар бир үзүмүн сактап жана бизге белгилүүлөрдүн жаӊы өӊүттөрүн ачкан сиздер сыяктуу адамдардын бар болгону жакшы», - деди Алмазбек Атамбаев.  

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы бул иш-чара жүрөк толкуткан окуя болгонун белгиледи.

«Бүгүн менин көп жолугушууларым болду, бирок бул кече жүрөгүмдү тилгендей болду», - деген Атамбаев кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө, дипломатиялык корпуска жана бул аземге келгендердин бардыгына ыраазычылыгын билдирди.  

Алмазбек Атамбаев жубайлар Бланкоффторго символдуу боз үйдү тартуулоо менен аларды Кыргызстанда чын ыклас менен күтүп алышарын, ар бир кыргыздын боз үйү аларга ачык экенин белгиледи.  

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө расмий документке КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Брюссель Эркин университетинин ардактуу профессору, Королдук археология академиясынын мүчөсү Жан Бланкофф кол коюшту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×