Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-февраль

При поддержке MegaCom

«Ош» базарынын жанындагы үйлөрдөн 16 сойку кыз кармалды

Turmush -  Бишкектеги «Ош» базарынын жанында сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн 16 кыз кармалды.

ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин районунун администрациясы, Ленин РИИБ, Бишкек ШИИБ жана Патрулдук милиция башкармалыгы, фискалдык органдар кылмыштуулукту жана укук бузууларды кыскартуу, мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө чара колдонуу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүштү. Анын алкагында «Ош» базарына жакын жайгашкан Рыскулов, Бейшеналиева, Москва жана Павлов көчөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүчү жайлар текшерилди.

Маалыматта айтылгандай, текшерүү иш-чарасына жалпы 63 адам тартылып, эки этап менен: 1-этап саат 08:00дөн 20:00гө чейин жана 2-этап саат 20:00дөн 04:00гө чейин өткөн.

Рейд учурунда 115 үйдүн кожоюндары, 229 адам текшерилип, аталган жерде жашагандыгы тууралуу каттоосу жок 65 жаранга административдик протоколдор түзүлгөн. Мындан тышкары, Ленин РИИБге ар кандай укук бузуулар боюнча 40 адам жеткирилген. Алардын ичинде документтерин мыйзамсыз каттоодон өткөргөн Индонезиянын жана Өзбекстандын жарандары кармалган.

Аталган түзүмдүн 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган чел өлкөлүк жарандарга 40 миң сом өлчөмүндө айып салынып, административдик протокол түзүлгөн. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн 16 кыз кармалды.

«Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жайларга бөгөт коюу үчүн 10 жеке мейманкана, 2 мончо, 5 чач тарач, 6 дүкөн, 1 тигүү цехи, 1 интернет клубу, 10 наабайкана жана эки медициналык борбор текшерилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 532
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×