При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Таластык Раиса апа биогумус курттары менен гүлдөрдүн түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Таластык 62 жаштагы Шорукова Раиса апа 15 жылдан бери үйүндө биогумус курттарынын жардамы менен гүлдөрдүн түрүн өстүрөт. Аймактык кабарчы анын гүлдөрүн көрүп кайтты.

Өзүнүн айтымында, Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулган. Таласка 1975-жылы келин болуп келген.

«1975-жылы Талас районунун Көк-Кашат айылына турмушка чыккам. А.Огомбаев орто мектебинде 16 жыл ашпозчу болуп иштедим. Пенсия курагында бош олтурбай айыл кеңеши тарабынан окуудан өтүп, биогумус курттарын сатып алгам. Биогумусту пайдаланып төө бурчактан жакшы түшүм алгам. Биогумус курттары таш, темир, айнектен башканын барын жеп, майда топуракка айлантат. Биогумус курттары ичке, боору кызыл болуп, жүн, жыгачтын барын жейт. Учурда буйрутма менен көп алып кетишет. Биогумустун топурагына өстүргөн гүлдөрүм дагы жакшы өтүп жатат. Биогумус курттары бар топурак абдан байытылып күчтүү болгондуктан, өсүмдүккө керектүү бардык азыктарды камсыздайт. Ар кайсы аймактардан келген дыйкандар биогумус курттарын алып кетишет», - деди ал.

Каарманыбыз 5 баланын апасы. Жолдошу 1996-жылы каза болгон. 5 баланы жалгыз чоңойтуп, бардыгын жогорку билимдүү кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1209
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:37,   14.08.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу