Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-Талаанын алыскы Кош-Дөбө айылында жаш ишкер муз аянтчасын жасады (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылына 25 жаштагы Шадыбек Салбаев муз аянтчасын жасады. Айылдыктар бош убактысын муз аянтта өткөрүп, күнүнө 1 миң сомго чукул каражат түшөт. Жаш ишкерге муз аянтчасын жасоого күйөө баласы Молдоакмат Таалайбеков жардамдашкан.

Маалым болгондой, алар быйыл муз аянтчасын экинчи жылы иштетип жатат. Учурда 22 даана коньки бар. Айыл эли коньки менен 1 саат муз тебүү үчүн 30 сомдон 50 сомго чейин акы төлөшөт.

«Былтыр айылда бизден башка 2-3 муз аятчасы бар болчу. Атаандаштык күч болуп, жакшы иштегенбиз. Муз аянтчасын былтыр мен иштетсем, быйыл кайнагам иштетип жатат», - деди М.Таалайбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2057
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×