При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-март

Бишкектеги көп кабаттуу курулуштан плита басып калгандардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө

Turmush -  Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан плита түшүп кетип, 4 адам жаракат алып, үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул маалыматты АКИpress агенттигине Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан тастыкташты.

Башкы дарыгер Алмаз Кубатбековдун айтымында, жабырлануучулардын бири хирургия бөлүмүндөгү, үчөө жандандыруу бөлүмүндөгү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя бүгүн, 16-февралда Чүй жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

Ал эми, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматындагы консультант Елена Баялинова тез жардам кызматы аталган даректен 5 адамды ооруканага алып кеткенин билдирди. Бешинчи жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×