При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-март

Жалал-Абаддын тургундары ОИИБдин жетекчиси кызматтан алынганына нааразы болуп, ордунда калтырууну талап кылышты (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси кызматтан алынганына нааразы болгон адамдар маалымат жыйын өткөрүштү.

Маалымат жыйындын катышуучулары акыркы төрт жыл аралыгында ОИИБ тарабынан кылмыштуулукту алдын алууда бир топ алгылыктуу иштер жүргөнүн жана ОИИБдин мурунку башчысы Ж.Жоробеков коомчулук менен тыгыз иштешип келгенин, мындай кадрларды министрликтин жумушсуз калтыруусуна нааразы экенин айтышты. Алар Ж.Жоробековду өз кызматында калтырууну талап кылышты.

38 жыл милицияда иштеген милициянын ардагери, полковник Мойдун Мамажанов мындай иш билги жетекчини министрлик колдоно албай жатканын белгиледи.

«Эл менен жакын болуп, эл менен иштеди. Билими, тажрыйбасы бар, өз кесибин мыкты аткара алган, эл менен милициянын ортосун жакындата алган кызматкерди ишке колдоно албай жатышат. Саясий көз карашы ушул милицияларга жеткен үчүн да кызматтан алынды окшойт деп ойлоп жатам. Мындай кадрды күндүз чырак менен издесең да таппайсың. Буга чейинки ОИИБ жетекчилери мынчалык эл менен жакын боло алган эмес», - деди ал.

208

Ооган согушунун облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров эгемендүүлүк алгандан кийин республикада биринчи жолу «Мыктыгер» спорттук иш-чарасы жанданганын белгиледи.

«Согушту көргөн адам катары айтып кетейин. Ооган согушунун катышуучулары улутуна карабай ар бир атуул Ала-Тообузду жан дили менен сүйсө экен дечүбүз. Биздин оюбузду Жалал-Абад ОИИБи аткарып берди. «Мыктыгер» иш-чарасы эгемендүү өлкө болгондон кийин кайрадан жанданды. Жаштарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөгөн саамалык сонун өтүп жатты. Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого үндөсө, коомчулук менен кылмыштуулуктун алдын алууга бирге умтулууга үндөп, коомчулук менен жуурулушуп иштеди. Мен Жеңиш иштен кеткенден бери ой-пикиримди коомчулукка, министрликке жеткире албай жүрдүм эле. Бүгүн мүмкүнчүлүк болду. Жаңыдан дайындалган министр кимдир бирөөлөрдүн тилине кирбей, өзү анализдеп баа берсе дейт элек», - деп билдирди Т.Энназаров.

Маалымат жыйындын катышуучулары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгындагы жылыштарга саресеп салып, дубандарда өтө элек иш-чараларды эске алып чечим чыгарат деген ишенимде экенин белгилешти. Ошондой эле, сузактык тургундар анын улуттар аралык достукту чыңдай алганын белгилешти. Маалымат жыйындын катышуучулары Ж.Жоробековду өз кызмат ордунда калуусун талап кылышты.

Буга чейин маалымдалгандай, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков кызматынан бошотулган. Мындай чечим ИИМде 3-февралда өткөн коллегиялык жыйындын жыйынтыгы менен кабыл алынган. Коллегияга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

Ж.Жоробеков Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп 2013-жылдын июнь айында дайындалган. Ага чейин Тогуз-Торо РИИБдин башчысы болуп эмгектенген.

211

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 606
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×