При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 27-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Нарындык 24 жаштагы бодибилдер Чубак темирден гүлдөрдү жасайт (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 24 жаштагы тургуну Чубак Каныбек уулу темирден гүлдөрдү, жыгачтан сүрөт салгычтардын сырттарын жасап сатуу менен киреше табат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен бери уста болууну каалап, 2012-жылы устачылык кесипке ээ болгон. Учурда сувенир, сандыкча, гүлдөрдү жасайт. Андан сырткары үй буюмдарын, айкелдерди жана дарбаза жасоо менен дагы алектенет.

«Ар бир адам өзү каалаган жумушун жасаса рахат алат эмеспи. Мен дагы устачылык менен алектенгенде берилип иштеп рахат алам. Көбүнчө темирден гүлдөрдү, жыгачтан сүрөттөрдүн рамкаларын өзгөчө кылып жасоого аракеттенем. 3 жылдан бери аялзатынын 8-март майрамы жакындаганда көп буйрутма түшүп, бир күндө 2 миң сомдон 7 миң сомго чейин киреше түшөт. Жаз мезгилинен баштап дарбазаларды, унаалардын отургучтарын өзгөчөлөнтүп жасоону баштайм», - деди ал.

Каарманыбыз устачылыктан тышкары кол күрөш жана бодибилдинг боюнча машыгып, мелдештерге даярдык көрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2813
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×